Токмок шаарында аялдын өлүмүнө байланыштуу шектүү кармалды

25-сентябра болжол менен саат 18:10 чамасында Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Жантаев көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен аял кишинин сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Анда 1953-жылы туулган С.И. аттуу аялдын денесинде зомбулуктун белгилери бар экендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча 25-сентябрда  Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1998-жылы туулган И.А. аттуу жаран кармалып, 11-октябрда Токмок ШИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Сүрөттө: Шектүү. Токмок ШИИБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты