Орунбековдун «тизмеси» боюнча сот отуруму өттү
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 1-октябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда жеке маалыматтардын ачыкталып кетиши же Орунбековдун «тизмеси» боюнча сот отуруму өттү. Анда прокурор милициянын кылмыш ишинен баш тартуу чечимин жокко чыгаруу боюнча анык токтомду алып келген. Сот отуруму ачылып, жагдай териштириле баштады.
24-сентябрда сот отуруму прокурордун кылмыш ишин ачуудан баш тартууну жокко чыгарган токтомдун чын-төгүнүн аныктоого мүмкүн болбой, отурум жылдырылган.
20-июлда президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда чет элдиктер тууралуу терс жана такталбаган маалыматтарды таратуу фактылары көбөйгөнүн билдирген.
Анын айтымында, айрым саясатчылардын тарапташтары жана фейк аккаунттар аркылуу «кытайлар өлкөнү басып жатат», «жерлер сатылып жатат», «тышкы карыз өсүп кетти» деген сыяктуу маалыматтар таралууда. Орунбеков мындай билдирүүлөр негизсиз экенин белгиледи.
“Буга чейин Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев жана НПОчулардын фейктери таратып келген болсо, эми аларга Камчыбек Ташиевдин командасынын фейктери кошулду. Эми эртең ушуларды аныктап, кармап барып камап коюшса, эне аталары жана бир туугандары «балабызды жөн эле камап коюшту, кызыбызды жөн эле сурака чакырды»деп наалып чыгасыңар Ошондуктан азыртадан токтобосоңор жакын арада башчыларыңар менен кошо камаласыңар. Жогорудагы темалар боюнча таратып жаткан маалыматыңар суу кечпейт” деди Орунбеков.
Дайырбек Орунбековдун билдирүүсүндө терс маалыматтарды тараткандардын арасында ондогон белгилүү адамдарды, анын ичинде политолог Эмил Жороевдин, саясатчы Клара Сооронкулованын, Азиза Абдирасулованын, Динара Ошурахунованын ж.б. бир катар адамдардын аттары аталып, жеке маалыматтары ачыкталып кеткен.
Ошого байланыштуу сот отуруму башталды.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




