Прокурор Темирлан Султанбековду 9 жылга, Кадыр Атамбаевди 7 жылга эркинен ажыратууну суранды
- 6 дней мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда массалык баш аламандык уюштуруу боюнча айыпталгандардын сот отурум өтүүдө. Прокурор Темирлан Султанбековду 9 жылга, Кадыр Атамбаевди 7 жылга эркинен ажыратууну суранды
Прокурор “Социал-демократтар” саясий партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбековду 9 жылга, (7 жыл жана 6 ай, ал эми өтөлбөгөн мөөнөтүн эсептегенде 9 жыл), мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, партиянын лидерлеринин бири Кадыр Атамбаевди 7 жыл 6 айга, Эрмек Эрматовду 7 жыл 6 айга, Кубанычбек Кадыровду 9 жылга, Абдурахим Абдурахмановду 9 жылга, Казакстан жараны Серикбай Кабыланбекти 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранды.
Соттук отурумда жарыш сөздөр сүйлөнүүдө. Отурум жабык түрүндө өтүүдө.
Сүрөт: Социалдык тармактан. Nurbek Akbar




