Мурдагы депутат Шаирбек Ташиев күбө катары сурак берип жатат

  • 3 месяца мурун

Мурдагы депутат Шаирбек Ташиев Ички иштер министрлигинде (ИИМ) сурак берип жаткандыгы ЖМКда кабарланууда.

Шаирбек Ташиевдин тарапташы Орозбек Осмонов экс-депутат Ташиев ИИМде күбө катары сурак берип жатканын Фейсбук баракчасында жазды.

“Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү! Акыркы күндөрү Шаирбек Ташиев ИИМге сурак берүүдө деген маалыматтарды жазып жатасыздар. Шаирбек Ташиев күбө катары гана суракка барып жатат. Мыйзам жазган, аны сыйлаган киши катары бардык иш-аракеттерин мыйзам чегинде аткарып жатат” деп жазды анын тарапташы Орозбек Осмонов Фейсбук социалдык тармагында.

Шаирбек Ташиев «Кыргызнефтегаз» иши боюнча күбө катары сурак берүүдө.

Шаирбек Ташиев 13-мартта да Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгында сурак берген.

Шаирбек Ташиев 2021-жылы Жалал-Абад №14 бир мандаттуу округунан VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2025-жылдан тартып, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты. Парламенттеги «Ынтымак-Мекенчил» тобунун мүчөсү. Шаирбек Ташиев — УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси.

Улуттук банктын экс-төрагасы Мелис Тургунбаев 25-мартта Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы тарабынан кармалганын жеке булактарынын айтуусу боюнча бир катар ЖМК жарыялады. Маалыматтарга караганда Улуттук банктын экс-төрагасы “Кыргызнефтегаз” иши боюнча кармалды.  

Буга чейин “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун (ААК) башкармалыгынын мурдагы төрагасы, 1983-жылы туулган Н.Н., “Кыргызнефтегаздын” башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары жана аффилирленген компаниянын биринин директору, 1980-жылы туулган А.Р., дагы бир компаниянын директору, 1988-жылы туулган А.Н. аффилирленген компаниянын директору, 1990-жылы туулган М.Б. камакка алынган.

Мамлекеттик салык кызматынын күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу иликтөө материалдарынын негизинде «Кыргызнефтегаздагы» коррупция фактысы боюнча кылмышка шектүүлөр кармалган.

«Кыргызнефтегаздагы»  коррупция фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголду.

Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы ири коррупциялык схемага Ташиевдердин үй-бүлөсү катышканын ачыктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын «Ай салык» Ютуб-баракчасындагы “Өз кишилер үчүн нефть: «Кыргызнефтегазды” кандайча курутушкан?” аттуу иликтөөдө белгилүү болду.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты