Мелис Тургунбаевдин кармалганы айтылууда
- 2 месяца мурун
Улуттук банктын экс-төрагасы Мелис Тургунбаев 25-мартта Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы тарабынан кармалганын жеке булактарынын айтуусу боюнча бир катар ЖМК жарыялады.
Маалыматтарга караганда Улуттук банктын экс-төрагасы “Кыргызнефтегаз” иши боюнча кармалды.
Буга чейин “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун (ААК) башкармалыгынын мурдагы төрагасы, 1983-жылы туулган Н.Н., “Кыргызнефтегаздын” башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары жана аффилирленген компаниянын биринин директору, 1980-жылы туулган А.Р., дагы бир компаниянын директору, 1988-жылы туулган А.Н. аффилирленген компаниянын директору, 1990-жылы туулган М.Б. камакка алынган.
Мамлекеттик салык кызматынын күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу иликтөө материалдарынын негизинде «Кыргызнефтегаздагы» коррупция фактысы боюнча кылмышка шектүүлөр кармалган.
«Кыргызнефтегаздагы» коррупция фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголду.
Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы ири коррупциялык схемага Ташиевдердин үй-бүлөсү катышканын ачыктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын «Ай салык» Ютуб-баракчасындагы “Өз кишилер үчүн нефть: «Кыргызнефтегазды” кандайча курутушкан?” аттуу иликтөөдө белгилүү болду.
Андагы маалыматтарга ылайык, “Кыргызнефтегаз” ишканасы чийки сырьелорун ортомчу компанияларга сатып, ортомчу компаниялардан даяр продукцияларды кайра өзү кымбат баа менен сатып алып турган. Ортомчу компаниялардын дээрлик бардыгы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары менен байланыштуу компаниялар болгон.
Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан бошонуу тууралуу арыз жазганын 18-марттагы Жогорку Кеңеш жыйынында төрага Марлен Маматалиев билдирген. Мурда Мелис Тургунбаев «Кыргызнефтегазда» жетекчи кызматтарда, башкармалыктын төрагасы, директорлор кеңешинин төрагасы кызматында иштеп турган.
Сүрөт: МЕлис Турганбаев. Интернет булактарынан




