«Кыргызнефтегаздагы» коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголду

  • 3 месяца мурун

«Кыргызнефтегаздагы»  коррупция фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик салык кызматы тарабынан даярдалган «Өз адамдар үчүн мунай: Кыргызнефтегазды кантип курутушту» аттуу иликтөөнүн видеоматериалдары «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун кызмат адамдары тарабынан мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттер жөнүндө маалыматтар камтылган.

Көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык, ишкананын айрым кызматкерлери кызмат абалынан кыянат пайдаланып, байланышы бар компаниялар менен сүйлөшүп алып, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатуу жана өткөрүү боюнча мыйзамсыз схемаларды уюштурушкан.

Текшерүүнүн жүрүшүндө кызмат адамдары «Кыргызнефтегаз» ААК стратегиялык маанидеги жана толугу менен мамлекеттик менчикте экенин билишип, ошондой эле анын ишмердүүлүгүн мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыгына натыйжалуу жүргүзүү милдети жүктөлгөнүн түшүнүп туруп, бул милдеттерге каршы аракеттенишкени аныкталган.

Республикада күйүүчү-майлоочу материалдарга болгон баалар өсүп жаткан шартта, абалды турукташтыруу боюнча чараларды көрүүнүн ордуна, алар бул тармакты үстүнөн караган жана көзөмөлдөгөн функцияларын аткарган мамлекеттик органдардын азырынча такталбаган кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүүгө барышкан.

Натыйжада айрым байланышкан компаниялар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, өздөрү жана башка жактар үчүн мыйзамсыз материалдык пайда табууга, анын ичинде салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Бул факт боюнча Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголду.

Мамлекеттик салык кызматынын адистерин тартуу менен кылмыш иштин бардык жагдайларын толук жана калыс иликтөөгө жана ошондой эле күнөөлүү адамдарды аныктап, кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө аракеттер жүргүзүлүүдө.

Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы ири коррупциялык схемага Ташиевдердин үй-бүлөсү катышканын ачыктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын «Ай салык» Ютуб-баракчасындагы “Өз кишилер үчүн нефть: «Кыргызнефтегазды” кандайча курутушкан?” аттуу иликтөөдө белгилүү болду.

Андагы маалыматтарга ылайык, “Кыргызнефтегаз” ишканасы чийки сырьелорун ортомчу компанияларга сатып, ортомчу компаниялардан даяр продукцияларды кайра өзү кымбат баа менен сатып алып турган. Ортомчу компаниялардын дээрлик бардыгы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары менен байланыштуу компаниялар болгон.

Сүрөт коллажы: Салык кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты