Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев ИИМге сурак берип жатканы айтылууда
- 3 месяца мурун
Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгында сурак берүүдө. Бул тууралуу бир нече ЖМК күч түзүмдөрүндөгү жеке булактарынын айтуусу боюнча жазды.
Маалыматтар боюнча, Шаирбек Ташиев бүгүн, 13-мартта, Ички иштер министрлигинин башкы тергөө башкармалыгында сурак берүүдө.
Шаирбек Ташиев кайсы кылмыш ишке байланыштуу сурак берип жаткандыгы белгисиз.
Социалдык тармактарда Шаирбек Ташиевге байланыштуу делген завод боюнча, анын казино оюнун ойноп, акча уттургандыгы боюнча мурдагы депутат Жусупбек Коргонбай уулу менен делген видеолору чыгууда.
Шаирбек Ташиев социалдык тармактарга тараган видеолор боюнча комментарий бере элек.
Шаирбек Ташиев 2021-жылы Жалал-Абад №14 бир мандаттуу округунан VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2025-жылдан тартып, Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаты. Парламенттеги «Ынтымак-Мекенчил» тобунун мүчөсү. Шаирбек Ташиев — УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иниси.
Сүрөттө: Шаирбек Ташиев. kenesh.kg




