“Кыргызнефтегаз” иши: Шектүүлөр эки айга камакка алынды

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан “Кыргызнефтегаз” иши боюнча шектүүлөр 16-майга чейин камакка алынды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.

Шектүүлөргө 19-мартта кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү, коррупция боюнча айып коюлууда.       

Камакка алынгандар: “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун (ААК) башкармалыгынын мурдагы төрагасы, 1983-жылы туулган Н.Н , “Кыргызнефтегаздын” башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары жана аффилирленген компаниянын биринин директору, 1980-жылы туулган А.Р, дагы бир компаниянын директору, 1988-жылы туулган А.Н. аффилирленген компаниянын директору, 1990-жылы туулган М.Б.

Мамлекеттик салык кызматынын күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу иликтөө материалдарынын негизинде «Кыргызнефтегаздагы» коррупция фактысы боюнча кылмышка шектүүлөр кармалган.

«Кыргызнефтегаздагы»  коррупция фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголду.

Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы ири коррупциялык схемага Ташиевдердин үй-бүлөсү катышканын ачыктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын «Ай салык» Ютуб-баракчасындагы “Өз кишилер үчүн нефть: «Кыргызнефтегазды” кандайча курутушкан?” аттуу иликтөөдө белгилүү болду.

Андагы маалыматтарга ылайык, “Кыргызнефтегаз” ишканасы чийки сырьелорун ортомчу компанияларга сатып, ортомчу компаниялардан даяр продукцияларды кайра өзү кымбат баа менен сатып алып турган. Ортомчу компаниялардын дээрлик бардыгы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары менен байланыштуу компаниялар болгон.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты