«Кыргызнефтегаздагы” коррупция фактысы боюнча шектүүлөр кармалды
- 1 месяц мурун
Мамлекеттик салык кызматынын күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу схемаларын уюштурууга байланыштуу иликтөө материалдарынын негизинде «Кыргызнефтегаздагы» коррупция фактысы боюнча кылмышка шектүүлөр кармалды.
Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан 1983-жылы туулган Н.Н. («Кыргызнефтегаз» ААКтын башкармалыгынын мурдагы төрагасы), 1980-жылы туулган А.Р. («Кыргызнефтегаз» ААКтын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басары), 1988-жылы туулган А.Н. (тиешеси бар компаниялардын биринин директору), 1990-жылы туулган М.Б. (тиешеси бар компаниянын мурдагы директору) кармалды. Аталган адамдар Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тергөө аракеттери улантылууда.
«Кыргызнефтегаздагы» коррупция фактысы боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча кылмыш иши козголду.
Салык кызматы “Кыргызнефтегаз” мамлекеттик ишканасындагы ири коррупциялык схемага Ташиевдердин үй-бүлөсү катышканын ачыктады. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын «Ай салык» Ютуб-баракчасындагы “Өз кишилер үчүн нефть: «Кыргызнефтегазды” кандайча курутушкан?” аттуу иликтөөдө белгилүү болду.
Андагы маалыматтарга ылайык, “Кыргызнефтегаз” ишканасы чийки сырьелорун ортомчу компанияларга сатып, ортомчу компаниялардан даяр продукцияларды кайра өзү кымбат баа менен сатып алып турган. Ортомчу компаниялардын дээрлик бардыгы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакындары менен байланыштуу компаниялар болгон.
Сүрөт: ИИМ




