«Үйүнөн тапичкечен эле алып кетишкен». Канышай Мамыркулова 48 саатка камакка алынды

  • 4 недели мурун

Эркин журналист, активист Канышай Мамыркулова 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу адвокат Нурбек Сыдыков билдирди.

Адвокаттын айтымында, Канышай Мамыркулова 48 саатка камакка алынды. Ага кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү, массалык баш аламандыкка чакырык боюнча айып тагылууда.

Канышай Мамыркулова өзү ага суракка чакырык келбегенин, үйдөн эле, тапичкечен алып кетишкенин, Конституциялык укугу боюнча өз оюн айтканын, баш аламандыкка чакырбаганын билдирген.

Маалыматтарга караганда, Мамыркуловага социалдык тармактардагы чек ара маселеси боюнча постторуна байланыштуу айып тагышууда.

Бүгүн, 20-мартта, социалдык тармактарда журналист, активист Канышай Мамыркулованын кармалганы айтылган. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан кармалган.

Канышай Мамыркулова бийликти сындап жана коомдогу терс көрүнүштөрдү социалдык тармактарда курч чагылдырып турган активист, эркин журналист.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты