Журналист, активист Канышай Мамыркулованын кармалганы айтылууда

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 20-мартта, социалдык тармактарда журналист, активист Канышай Мамыркулованын кармалганы айтылууда. Бул тууралуу активист Аманбол Бабакулов Фейсбук баракчасында билдирди.

Ага Канышай Мамыркулованы үйүнөн кармап кеткенин кызы Айжамал билдирген жана кошуналары да тастыктаган.

Бабакуловдун айтымында, ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына барган, бирок шаардык милиция Канышай Мамыркулованы кармаган эместигин билдирген.

Адвокат Нурбек Сыдыков Канышай Мамыркулованы милиция кармап кеткенин айтты. Азырынча ал эмне себептен кармалганы белгисиз.

Кийинчерээк Бабакулов да, адвокаттын айтымында, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында экенин тактады.

Канышай Мамыркулова бийликти сындап жана коомдогу терс көрүнүштөрдү социалдык тармактарда курч чагылдырып турган активист, журналист.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты