Президент Жапаров Сыргак Кенжебаевдин “офис” жана Сабыр Жапаров тууралуу айткандарына жооп берди  

Коомчулукта талкуу болуп жаткан Сыргак Кенжебаев аттуу ишкердин “офис” тууралуу, анда президенттин агасы Сабыр Жапаровдун катышуусунда негизги маселелер чечилерин, бажыга таасир этерин айтты, дагы көп видео чыгарганы жатат. Бул боюнча суроого президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго маегинде жооп берди.   

«Мен жана Жапаровдор, дегеле бардык чиновниктер өзүбүздүн жеке чөнтөгүбүздү мамлекеттин чөнтөгү менен алмаштырбайбыз. Алмаштырган эмеспиз жана мындан ары да алмаштырбайбыз. Бул боюнча мен кепилдик бере алам. Ар бир чиновникке айтам, айыл өкмөттөн баштап, премьер-министрге чейин, Акылбек Үсөнбековичти коюп жатканда да ошентип айткам, казынага тиймей жок. Казына бул ыйык, элдин акчасы. Бизнес кылгыла, башка жактан тапкыла деп. Анан ошондон бери карай эле кимде-ким казынага кол салса, аеосуз камак келе жатабыз, кустуруп келе жатабыз. Көрүп жатасыңарбы?» деди Садыр Жапаров.

-Ошон үчүн эч качан мамлекеттин казынасына же мамлекеттин акчасына эч кимге уурдаганга жол бербейбиз. Мен бул жигиттин айтканын уктум, көрдүм. Муну мен кабыл алгам башында, мага алып келишкен. Кабыл алгам, эмне сунуш менен келдиң десем, эми жомок, айыл чарбасын жомок кылып ием деди. 2-3 жылдын ичинде жомокко айландырам айыл чарбасын деди. Европалыктар- голландиялыктар, немистер, италиялыктарым бар деп. Анан кабыл алдым дагы, Бакыт Төрөбаевди чакырып, экөөнү көздөштүрүп койдум. (Бакыт Төрөбаев айыл чарба министри эле) .”Бакыт, бул жомок кылып коем деп жатат, иштетип көрчү” деп. Мен инвестормун деп келгендердин баарын кабыл алам, кимиси болбосун, мейли кытайыбы, орусбу, түркүбү, ким болбосун. Анан тиешелүү адамдарга жиберем, карагыла бул жерди деп. Карагыла, иштешкиле, болсо салгыла деп. Бакыт Төрөбаев экөө Италияга, Германияга учуп барыптыр. Келди,  Европаны бүт кыдырып. Анан Бакыт мырза айтты “Бул аферист өңдөнгөндөй” деп. Мунуку фантастика, жомоктой болуп жатат деп. Мен анда болуптур деп койдум, ишке ашпаса, бирөө милдеттендирип атпаса. Анан кетти,-деди Садыр Жапаров.  

Буга чейин Сыргак Кенжебаев аттуу ишкер бир сааттык видео тасма жарыялаган.

“Ал жерде Сабыр Жапаров жалгыз эле эмес, Жапаровдордун бир туугандары, дегеле үй-бүлөсү ошол жерге кирип алып, каалаган чоңду чакырып, каалаган чоңду кетирип, ошол жерден Кыргызстандын көп саясий маселеси чечилет. Андан кийин ал кеңседе толугу менен, бул маалыматты мен жалгыз эле билбейм, муну мен логист деп бажынын ичинде жүргөндүн баары, жүк ташууда иштегендин баары, Дордойдун баары, «самопошивде» жүргөндүн баары билет. Кыргызстанда бажыны Сабыр Жапаров, анын уулу Азат Жапаров башкарат. Эмне, мыйзам жол береби ушундайга? Бербейт. Бирок президенттин администрациясы дагы, Экономика министрлиги дагы, Бажы кызматынын өзү дагы муну чече албайт” деген Сыргак Кенжебаев.

  Сүрөт: Видео тасмадан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты