Жогорку сот Мадумаровдун ишине байланыштуу мурдагы өкүмдөрдү өзгөрткөн жок

Бүгүн, 20-октябрда, Жогорку сот «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровго чыккан мурдагы сот чечимдерин өзгөртүүсүз калтырды.

Саясатчы өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча төмөнкү инстанциядагы соттордун чечимдерине каршы Жогорку сотко кассациялык даттануу берген.

Адахан Мадумаров сот отурумунан кийин журналисттерге комментарий берип, соттон акталса президенттик шайлоого катышмактыгын айтты. Бирок өзү барбаса да талапкер көрсөтүшү мүмкүндүгүн да четке каккан жок.

2024-жылы 10-июлда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин экс-депутат Адахан Мадумаровго Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырган.

2024-жылы 8-майда Адахан Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилген.

2024-жылы 26-апрелде «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров камакта жети айча отуруп, бошотулган.

2024-жылы 26-мартта Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлуп жаткан айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, мөөнөтү өтүп кеткендиктен жаза чегерген эмес. 

Адахан Мадумаровго Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айып коюлгандыгы маалымдалган. 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу тилкеге байланыштуу протоколго кол коюлушу менен байланышкан айып тагылган.

Мадумаровго «алдамчылык» беренеси боюнча дагы айып коюлган. Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган.

Сүрөттө: Адахан Мадумаров. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты