Канышай Мамыркулованын камалышы: Журналисттер, укук коргоочулар бийликке кайрылуу жолдошту
- 2 месяца мурун
Кыргызстандын журналисттери, укук коргоочулары эркин журналист Канышай Мамыркулованын камалышы боюнча президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылуу жолдошту
“Кыргызстанга белгилүү, чындык, акыйкаттык үчүн күйгөн белдүү журналисттердин бири Канышай Мамыркулованы камакта кармоо — Кыргыз Республикасынын Конституциясында кепилдик берилген сөз эркиндигине, адам укуктарына каршы келет. Анын үстүнө анын саламаттыгы абдан кооптуу абалда. Бул боюнча тиешелүү медициналык документтер жактоочу тарабынан көрсөтүлөт. Ырас, К. Мамыркулова айрым учурда ачуу сындайт. Бирок анын мамлекетке зыян келтире турган, башаламандык уюштуруу боюнча кыянат ою болбогондугун элибиз көрүп, билип турат. Элибизде «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» демекчи, өз оюн ачык айтканы үчүн айыптап, «бөрк ал десе, баш алган» жорукка сиздерди жол бербейт деп ишенгибиз келет. Андыктан сиздерден калыс, акыйкат мамиле күтөбүз»деп айтылат кайрылууда.
Кайрылууга 70 адам кол койгон.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан массалык башаламандык чакырыктарга жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, Канышай Мамыркулова кармалганын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.
“Социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүү учурунда Фейсбук” социалдык тармагынан Кыргызстан-Тажикстан чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен Кыргыз Республикасынын аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн жана кыргыз жарандарынын ортосундагы улуттар аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган Канышай Мамыркулова аттуу колдонуучу аныкталган” деп билдирди Бишкек шаардык ИИББ басма сөз кызматы.
19-мартта Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда бир карап, колдоду.
20-мартта социалдык тармактарда журналист, активист Канышай Мамыркулованын кармалганы айтылган. Бул тууралуу активист Аманбол Бабакулов Фейсбук баракчасында билдирди.
Адвокат Нурбек Сыдыковдун айтымында, Канышай Мамыркулова 48 саатка камакка алынды.
Сүрөт: RFE/RL