Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүү 7 эсеге төмөндөдү

  • 2 года мурун

2022-жылдын 7 айында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүү болгону 3,2 млн долларды түздү. Муну менен бир жыл ичинде көрсөткүч 7 эсеге азайды. Буга соңку жылдардагы чек ара окуяларынын курчушу себеп болду.

Кыргызстан Тажикстандан негизинен пахтадан жасалган жип, мөмө-жемиштерди алып, анын ордуна күйүүчү-майлоочу май, курулуш материалдарын жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды экспорттоп келген.

2019-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 67,7 млн доллар болсо, 2020-жылы пандемиядан улам эки эсеге – 37,2 млн долларга азайган. 2021-жылдын апрель айындагы кагылышуулардан кийин чек ара жабылып, соода көлөмү 27,9 млн долларга төмөндөгөн.

2022-жылы январь-июль айларында көрсөткүч 3,2 миллион долларга түшүп кеткен. Бул Кыргызстан менен Ооганстандын соода жүгүртүү көлөмүнө караганда төрт эсеге аз.

Куш этин сатуу менен алектенген Жыргалбек Жоробеков расмий соода кандай жол менен жүрүп жатканын билбестигин, бирок ишкерлерге Тажикстанга товарларды экспорттоого тыюу салынганын айтты.

«Өзбекстан аркылуу сатууга да болбойт. Аткезчилик жолу эле калгандай, ал болсо уланып жатат», — деди ишкер.

Кыргызстандын УКМКсы аткезчилик уланып жатканын мойнуна алып, маал-маалы менен кармалгандардын сүрөттөрүн жарыялап калат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек аралары жабылган соң, эки өлкө менен чектешкен Өзбекстан бул кырдаалды өз кызыкчылыгына пайдаланууда. Кытай жана орус товарларынын реэкспорту гана эмес, кыргыз өндүрүшүнөн чыккан товарлар да Өзбекстан аркылуу Тажикстанга жеткирилүүдө. Муну Тажикстандын Бажы кызматынын башчысы Хуршед Каримзода да ырастаган.

Былтыр Тажикстанга негизинен мунай өнүмдөрү, желим идиштер, айнек, вакцина жана жыгач материалдары барган. Бул товарларга Кыргызстан өзү да муктаж.

Жакын арада соода алакасы жанданарынан үмүт артуу кыйын. 16-сентябрда Тажикстандын Кыргызстанга агрессиясы орун алды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 183 киши жабыркады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты