Кыргыз-тажик чек арасы: Абал салыштырмалуу туруктуу

  • 2 года мурун

25-сентябрь, саат 09:20га карата Баткен облусунун чек ара аймагында кырдаал салыштырмалуу туруктуу.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу (УКМК) Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, түн тынч өттү.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын аскерлеринин агрессивдүү кол салуусунуну натыйжасында Баткен облусундагы эвакуация болгон 15 миң 532 жаран үйлөрүнө кайтып келишти.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты