Эвакуация болгон 15 миңден ашуун жаран үйлөрүнө кайтып келишти

  • 2 года мурун

14-17-сентябрь күндөрү Тажикстандын аскерлеринин агрессивдүү кол салуусунуну натыйжасында Баткен облусундагы эвакуация болгон 15 миң 532 жаран үйлөрүнө кайтып келишти.

Бул тууралуу эвакуациялоо комиссиясынын видеоконференция аркылуу өткөн жыйынында Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Сейтмурат Калыков билдирди.

Ошондой эле эвакуация болгондорго медициналык жана психологиялык жардамдар көрсөтүлүүдө.

 Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн, активисттерден жана ыктыярчылардан турган жумушчу топ жеринде эвакуация болгон жарандарга гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүп беришүүдө.

Тажикстандын аскерлеринин Кыргызстанга куралдуу кол салган жерлерден 136 миң 770 Баткен облусунун жараны эвакуацияланган. Алардын ичинен 15 миң 532 жаран үйлөрүнө кайтып келишти. Калгандары убактылуу жайгаштырылган жайларында жана кайдыгер эмес жарандардын үйлөрүндө баш калкалоодо. 

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 59 кыргызстандык набыт болду. Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты