Юрист Мерканов УКМКга чакырылганын жана депутат Абдибаева боюнча өзү да арыз жазганын айтты     

Жогорку Кеңештин депутаты Айсаракан Абдибаеванын айткандарына каршы петиция уюштурган юрист Адилет Мерканов УКМКга сурак берип чыкканын жана депутат Абдибаева боюнча өзү да арыз жазганын социалдык тармакта билдирди.      

-Мен да өз арызымды бердим, бул тууралуу эмне ойлоорумду, өзүмөн позициямды айттым. Эки кыздын атасы болгондон кийин, өз балдарымдын коопсуздугун да ойлойм. Болуп жаткан көйгөйдү түшүндүрүп бердим. Биз кылмыш кылган жокпуз, өзүбүздүн келечегибизди, келечек муунубузду коргоп жатабыз,-деди Адилет Мерканов.

29-сентябрда Жогорку Кеңештин сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатканда депутат Айсаракан Абдибаева (№15 округ) “зордуктоо” жана “16 жашка толо электерди зордуктоо” беренелери боюнча айыпталгандардын жазасын жеңилдетүү, пробация режимин берүүнү сунуштаган.

Айсаракан Абдибаеванын Жогорку Кеңештеги билдирүүсүнөн кийин коомчулукта кызуу талкуу башталып, депутаттыктан чакырып алуу боюнча петиция жарыяланган. Петиция Жогорку Кеңешке жөнтүлгөнү да маалымдалган.

Айсаракан Абдибаева өзү көтөргөн маселе башка нукка бурулуп кеткенин айтып, мунун артында кимдер турарын аныктоо үчүн УКМКга кайрылганын билдирген. Анын айтымында, 29-сентябрдагы комитет жыйынында күнөөсү далилденбеген адамдарга карата жазаны жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн кароо тууралуу сөз болгон. Бирок педофилдерге жазаны жеңилдетүү же пробация берүү маселеси көтөрүлгөн эмес.

Абдибаева жалган маалымат тараткандарды аныктоо боюнча УКМКга өзү жана эки коомдук бирикме арыз бергенин айтты.

“Жалган маалымат таратып, эл өкүлүнө каралоо жүргүзгөн топтордун артында кимдер турарын аныктоо үчүн УКМКга менден эле эмес, эки коомдук бирикме тарабынан да арыздар берилди»,- деди Абдибаева.

Сүрөттө: Юрист Адилет Мерканов. Социалдык тармактан  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты