“Клооптун” оператору жана мурдагы кызматкери башаламандыкка чакырык боюнча шектелип жаткандыгы айтылды
- 3 недели мурун
“Клооп” басылмасынын оператору Александр Александров жана мурдагы кызматкери Жоомарт Дуулатов жапырт башаламандык уюштурууга чакырыкка катышуу беренеси боюнча шектелип жаткандыгы маалым болду.
Бул тууралуу “Клооп” басылмасынын адвокаты Бакыт Автандил билдирди.
Александров менен Дуулатов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери тарабынан 28-майда кармалган. Алардын үйүндө тинтүү жүрүп, техникасы өздөрү менен УКМКнын шаардык бөлүмүнө алынып кеткен. Александр Александров жана Жоомарт Дуулатов 48 саатка камалган. Учурда сот алардын бөгөт чарасын карап жатат.
29-майда “Клооптун” дагы эки кызматкери – Абдил Төрөбаев менен Сымбат Баймурзаева кармалган. Алар журналисттердин чыгармачыл иши менен тиешеси жок. Сурактан кийин Абдил Төрөбаев бошотулган, ал эми Сымбат Баймурзаеваны “Клооптун” кеңсесине адвокаты жок алып барып, техника жана бухгалтердик документтерди УКМК кызматкерлери алып кетишкен.
Клооптун” уюштуруучуларынын бири Ринат Тухватшин Абдил Төрөбаев журналисттик кызматка тиешеси жок экенин, текст да жазбаганын, видео тасма да тартпаганын билдирди.
«Клооп» басылмасынан кармалгандардын арасынан Айдай Эркебаева жана Зыягүл Болот кызы мурдагы кызматкер Зара Садыгалиева бошотулду. Ошондой эле аталган басылманын журналисттери жана мурдагы кызматкерлери менен кошо кармалган эки кыз да бошотулганы маалымдалды.
Адвокат Бакыт Автандил кармалган кызматкерлерди адвокатсыз суракка алуу мыйзамсыз экендигин билдирди. “Клооптун” уюштуруучуларынын бири Ринат Тухватшин кызматкерлерди чындыгында уурдап кетишкенин, алардын кармалышынын себебин туугандарына, адвокатка да билдиришпегенин, алардын кайда экенин түш жарымында гана билүүгө мүмкүн болгонун айтты.
28-майда эртең менен “Клооптун” эки кызматкери — Ошто Зыягүл Болот кызы менен Бишкекте Александр Александровду суракка алып кетишкени маалым болгон. Зыягүл Болот кызын Оштон Бишкекке учак менен алып келишкен. Андан кийин Айдай Эркебаева суракка алынганы айтылды. Ошондой эле “Клооптон” 2023-жылы кызматтан бошонуп кеткен Зара Сыдыгалиева да суракка чакырылган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «Клооптун» азыркы жана мурдагы журналисттеринин кармалышы боюнча маалымат бере элек.
Президенттик администрациянын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Клооп” басылмасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине сурак берген журналисттеринин ар бирине иликтөөчү журналист Болот Темиров Батыштагы өнөктөштөрү аркылуу ай сайын 500-800 доллар берип, заказ менен иштетип жүргөнү аныкталды деп Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Ал эми иликтөөчү журналист Болот Темиров Фейсбук баракчасында «Клооп» басылмасы жана суракка алынган журналисттер тууралуу жооп берип, суракта болгон журналисттер менен байланышы жок экенин билдирген.
Иллюстрациялык сүрөт: «Клооп»