“Клооп” басылмасынын кийинки соттук отуруму 9-сентябрда болот
- 11 месяцев мурун
Бүгүн, 1-сентябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда “Клооп” басылмасынын иши боюнча соттук отурум болду. Сотто «Клооптун» мурдагы эки оператору жана эки эсепчисинин иши каралууда. Отурумда күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү угулду.
“Медиа Полиси” институтунун маалыматы боюнча, бир катар күбөлөр, анын ичинде Айдай Эркебаева, Абдил Төрөбаев, Зарина Садыгалиева, Аяна Сыдыгалиева күбө катары көрсөтмө берди.
Айдай Эркебаеваны айыптоочу тарап чакырган. Ал басылманын операторлору жана өзү эмне иш менен алектенгенин айтып берди.
Кылмыш ишинде “Клооп” басылмасы жарыялаган бир да материал жок. Кылмыш ишинде Болот Темировдун беш видео материалы тиркелген, соттук-лингвистикалык экспертиза ал материалдарда бийлик адамдары тууралуу терс маалыматтар жарыя болгонун , жапырт баш-аламандыкка, бийликти алмаштырууга үндөө чакырыктарынын белгилери бар экенин билдирген.
“Клооптун” мурдагы кызматкери Абдил Төрөбаев өзү иштеп турган убактарда эмне иш жасаганын, журналисттер, операторлор эмне менен алектенгенин айтып берди. Бирок Абдил Төрөбаев видео операторлордун материал жасаган учурлары менен тааныш эместигин айтты.
Мурда “Клооп” басылмасында иштеп кеткен Зарина Садыгалиева жана кеңсе менеджери да күбө катары суралып, алар да басылмада эмне иш менен алектенгендерин айтышты.
Күбө катары суралган Аяна Сыдыгалиева “Клоопто” иштеген эмес, ал Жоомарт Дуулатов кармалганда, кошо кармалып, кое берилген. “Клоопто” иштегендерди тааный турганын, бирок алардын иши менен тааныш эместигин билдирди.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту “Клооптун” оператору Александр Александров менен мурдагы оператор Жоомарт Дуулатовду эки айга камоо чечимин чыгарган.
29-майда “Клооптун” дагы эки кызматкери – Абдил Төрөбаев менен Сымбат Баймурзаева кармалган. Алар журналисттердин чыгармачыл иши менен тиешеси жок экени айтылган. Сурактан кийин Абдил Төрөбаев бошотулган, ал эми Сымбат Баймурзаеваны “Клооптун” кеңсесине адвокаты жок алып барып, техника жана бухгалтердик документтерди УКМК кызматкерлери алып кетишкени маалым болгон.
«Клооп» басылмасынан кармалгандардын арасынан Айдай Эркебаева жана Зыягүл Болот кызы мурдагы кызматкер Зарина Садыгалиева бошотулду. Ошондой эле аталган басылманын журналисттери жана мурдагы кызматкерлери менен кошо кармалган эки кыз да бошотулганы маалымдалды.
28-майда эртең менен “Клооптун” эки кызматкери — Ошто Зыягүл Болот кызы менен Бишкекте Александр Александровду суракка алып кетишкени маалым болгон. Зыягүл Болот кызын Оштон Бишкекке учак менен алып келишкен. Андан кийин Айдай Эркебаева суракка алынганы айтылды. Ошондой эле “Клооптон” 2023-жылы кызматтан бошонуп кеткен Зарина Садыгалиева да суракка чакырылган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “Массалык тартипсиздикке чакыруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында башкы видео редактор А.А.Н. жана оператор монтажер кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.
Сот “Клооп” басылмасынын бир нече кызматкеринин банк эсебин бөгөттөгөнү белгилүү болгон.
“Клооп” басылмасынын кийинки соттук отуруму 9-сентябрда саат 15:00дө болот.
Сүрөт: RF/RL/Эрнис Нурматов. Архивдик сүрөт




