Бишкек мэриясы шаар тургундарын айыл чарба жарманкелерине чакырат
- 19 часов мурун
- Жаңылыктар
Борбор шаардын төрт районунда дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкелери өткөрүлөт.
Жарманкеде ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү өздөрү өндүргөн продукцияларын сунуштайт. Бул сатып алуучуларга керектүү азык-түлүктөрдү ортомчуларсыз, түздөн-түз жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Жарманкелер ар аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү төмөнкү даректерде өткөрүлөт:
— Биринчи май району: Турдакун Усубалиев атындагы эски аянт. Иштөө убактысы: саат 9:00дөн 17:00гө чейин;
— Ленин району: Тыналиев көчөсү, 38. Мечиттин батыш тарабында. Иштөө убактысы: саат 9:00дөн 19:00гө чейин;
— Октябрь району: Аалы Токомбаев көчөсү, 21/1Б. Иштөө убактысы: саат 8:00дөн 18:00гө чейин;
— Свердлов району: Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Фере көчөсү, 33/1а дарегинде (мурдагы мал базардын аймагында). Иштөө убактысы: саат 7:00дөн 15:00гө чейин.
Иш-чаралар Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте уюштурулууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Бишкек мэриясы




