Кемпир-Абад: Кеңешбек Дүйшөбаев Президент Жапаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылууда

  • 1 год мурун

Коопсуздук Кеңешинин экс-катчысы, абакта жаткан Кеңешбек Дүйшөбаев Президент Садыр Жапаровду жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылууда.

Бул тууралуу Дүйшөбаевдин адвокаты Акынбек Авазбеков ЖМКга билдирди.   

Адвокаттын айтымында, кат башкы прокурор Курманкул Зулушевге жөнөтүлдү.   

Анда мындай деп белгиленди:

“Келишимге ылайык, Кемпир-Абаддын 900-горизонталь боюнча бардык аянты, дамбанын жарымы, эки ГЭС Өзбекстандын менчигине өтүп жатат, ал эми чек арадагы жаңы тилке Бишкек-Ош стратегиялык жолуна, Өзгөндүн аймагына жакын өтүп жатат. Чек ара боюнча эки тараптуу сүйлөшүүнүн, протоколдун тексти жашыруун делип, ошондой эле өзбек тараптын өтүнүчү демиш болуп расмий бийлик коомчулукка  жарыялаган жок” деп айтылат билдирүүдө.   

Ошондой эле билдирүүдө бийликтин позициясы менен макул эместигин ачык билдирген белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, журналисттер жана блогерлер жапырт репрессияга алынып, кылмыш иши козголгону жана камакка алынганы белгиленди. Ошол эле кезде өзбек тарап суу астында калган айдоо жерлеринен улам келип чыккан экономикалык чыгымдын ордун  толтуруу боюнча милдеттенмелерин аткарбагандыгы да айтылды.

Дүйшөбаевдин пикиринде, андан келип чыккан экономикалык чыгым 1,5 млрд долларды түзгөн.  

Ошондон улам Кеңешбек Дүйшөбаев “Мамлекетке чыккынчылык кылуу“ , Бийлик абалынан пайдалануу боюнча мамлекет башчысына кылмыш ишин козгоо сунушун келтирди.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылар жана активисттер эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, .Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда саясатчылардын, активисттердин жапырт камалышы жана Кемпир-Абад маселеси боюнча жөө жүрүш уюштурулду.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты