«Эсиңер барда, этегиңерди жыйгыла!» Садыр Жапаровдун Кемпир-Абад боюнча элге кайрылуусу

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасын такташуу, Кемпир Абад суу сактагычы боюнча Фейсбук баракчасы аркылуу элге кайрылуу  жасады.  Анда талаш жерлер кандайча чечилгенин чечмелеп берди. Ошондой эле Кемпир-Абаддын тегерегинде каршы пикирин айтып чыккандарга катуу чаралар көрүлөрүн эскертти.  

Президент Жапаров мындай деди:

  1. Негизинен талаш жерлер дээрлик 99 пайыз биз тарапка өттү.
  2. «Кемпир-Абадды» буга чейин толук Өзбекстан тарап көзөмөлдөп келсе, эми мындан ары 50/50 үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүп, плотинаны чогуу башкарабыз деген келишимге келдик.
  3. Суунун деңгээлин 908 горизонттон 900 горизонтко түшүрдүк.
  4. Ошондо көлдүн жээгинен 1246 гектар жер бошоп, бизге өтүп жатат. Ал жерди ошол жерде жашаган элибиз түбөлүк айыл чарба багытына колдонушат.
  • Калган чек ара жерлери боюнча кийин угасыздар.

Биз Каркыра, Төрт-Көчөнү берген чыккынчылардан эмеспиз, -деди Президент.

Ошондой эле Кемпир-Абаддын тегерегинде чыгып жаткандарга эскертүү берди:  

-Кемпир-Абаддын тегерегине чыгып алып бузукулук кылып жаткандарга катуу эскертем, эсиңер барда этегиңерди жыйгыла!

Тартип сакчыларына буйрук берем, элди козутабыз деп бузукулук кылып жаткандарга мыйзам чегинде катуу чараларды көргүлө. Эркелегендин дагы чеги болот. Чектен ашып кетишти.

«Залга батпай калдык, биз түшүнбөй калдык, маалыматыбыз жок» деп жалган сүйлөп, боз үй тигип жаткандар Өзгөн акимчилигине келгиле.

Күнү-түнү дебей ар бир жараныбызга документтер менен баарын көрсөтүп, түшүнүгү жок болсо дагы мээлерине куюп, түшүндүрүп беребиз. Кечээки жыйындын аягында добушка салганымда адамча түшүнгөндөр колдоп беришти. Добушка койгондо залдын баары макул, сегиз киши каршы болду.

Албетте, каршы болгондор кимдер экенин, эмне максатты көздөп жаткандарын жакшы билебиз. Андай арам ойлуу максатыңардан кайткыла. Бийлик башына келип, отуз жылдан бери ашкере эркелеп жүрүп мамлекетибизди жок кылып же толук көз каранды мамлекетке айлантып ала жаздаганыбызды көрдүм. Андайга жол бербейбиз.

Жакын арада баары бүтөт. Ачыкка чыгат. Ошондо чек ара маселеси 99 пайыз биздин пайдабызга чечилгенин билип, өзүңөр эле эл алдында уят болуп каласыңар, туугандарым. Тынч болгула, -деди кайрылууда Президент Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров 4-октябрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районуна барып Кемпир-Абад маселесинен улам эл менен жолугушуу өткөрдү Чогулган айрым тургундар президенттен жабык эмес, ачык жыйын өткөрүүнү, бардык суроолорго ачык жооп беришин, сыртка чыгышын талап кылышты.

4-октябрда “Т-Медиа» басылмасы жана КЛООПтун Өзгөндөгү Кемпир-Абад боюнча жыйынынан алып берген түз эфирлери белгисиз себептерлен улам өчүрүлгөнүн кабарлашты.

Былтыр мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

Ташиев эки өлкө анда Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын аймагы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан. Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн.
Ошол эле жылдын апрель айында Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын билдирген.    

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты