Кемпир-Абад: Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында элдик курултай өтүп жатат (Видео)

Бүгүн,  15-октябрда, Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы элдик курултай өтүп жатат. Курултайды жергиликтүү эл уюштурган. Ага Кыргызстандын ар кайсы аймагынан кайдыгер эмес жарандар катышууда.

Курултайга Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Адахан Мадумаров, генералдар Исмаил Исаков, Кеңешбек Дүйшөбаев, саясатчылар Мамбетжунус Абылов, Жеңиш Молдокматов. Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, жарандык активисттер Атай Бейшенбек, Тилекмат Куренов, Айбек Мырза жана башкалар катышууда.

Курултай Кыргыз Республикасынын гимнин аткаруу менен башталды.  

Курултайды жергиликтүү тургун Авазов Абдулла ачып, элдик курултайда каралып жаткан бул маселеде жалпылап бир чечим кабыл алууга көмөктөшүүгө чакырды.  

«ПолитКлиника» медиасы элдик курултайдан түз эфир көрсөтүүдө.   

Кемпир-Абад: Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында элдик курултай өтүп жатат (Видео)
Кемпир-Абад: Өзгөндүн Кызыл-Октябрь айылында элдик курултай өтүп жатат (Видео)

Сүрөттөр: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты