Ташиев кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кайсы тилкелер Кыргызстанга өткөнүн айтты

  • 2 года мурун

Бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйыны өттү. Жыйынга камера, телефон киргизүүгө тыюу салынды. Башында жыйын түз эфир аркылуу көрсөтүлгөн. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасап баштаганда түз эфир өчүрүлдү.

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайсы жерлер өткөнүн айтты. Гавасай — 12 миң 949 гектар, Көк-Серек — 105 гектар, Баястан — 212 гектар, Унгар-Тоо — 35 гектар, Ак-Таш — 100 гектар, Кара-Белес — 25 гектар өттү.

Шарихан каналынын башы 19,5 гектары Өзбекстанга, калган 19,5 гектары Кыргызстандын Өзгөн районуна тиешелүү. Кошумчалай кетсек, 1000 гектар жер Сузак менен Өзгөн районунун ортосунда 500 гектарга бөлүнгөн – алар Кыргызстанга тиешелүү.

Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстан толугу менен көзөмөлдөйт. «Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери калган. Бирок сууну 8 адамдан турган биргелешкен мекеме көзөмөлдөйт. Анын төртөөсү Кыргызстандан, төртөөсү Өзбекстандан. Кыргызстандыктар сууну ээн-эркин пайдалана алышат.

Баары биздин колго өтүп, жеңишке жетти дегенден алыспыз. 1 метр жерди дагы берген жокпуз«, — дейт Ташиев.

Ташиев бул чечимге кол коюлса, анда Кыргызстандын картасы 15 миң 806 гектарга көбөйө турганын айтты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты