Өзгөндөгү курултай: Кемпир-Абад Кыргызстандын менчигинде калсын!

Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы элдик курултай соңуна чыкты. Элдик курултай Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын айланасындагы жер Кыргызстандын менчигинде калсын деген чечим кабыл алды.

Курултайда негизинен мындай чечим кабыл алынды.

  1. Кемпир-Абад суу сактагычы жана анын аянты Кыргыз Республикасынын менчигинде калсын. Анын далили катары:

а) Кемпир-Абад суу сактагычына тиешелүү жер алмашуу жана делимитация жана демаркация иштери токтотулуп, ратификациядан өтпөсүн;

б) делимитация жана демаркация боюнча мамлекеттик комиссия кайрадан түзүлсүн.

2. Кемпир-Абад суу сактагычына тиешелүү жер алмашуу жана делимитация жана демаркация токтобой, улана турган болсо, Бишкек шаарында Кемпир-Абад боюнча элдик курултай уюштурулсун.

3. Делимтация жана демаркация боюнча протоколдор инвентаризацияланып, элге жарыялансын.

4. 36, 39, 42-протоколдор жокко чыгарылсын.

5. Баткен чек ара чатагында келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү үчүн, элдик жана депутаттык топтон биргелешкен комиссия түзүлсүн жана Баткен облусунун өнүктүрүү программасынын аткарылышы көзөмөлдөнсүн.

6. Саясий куугунтуктар токтотулсун!

7. Бишкекте тез аранын ичинде жыйын чакырылып, Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети жана кыймылы түзүлсүн.  

Курултайдын бул чечимине дагы толуктоолор киргизилери белгиленди.

Бүгүн,  15-октябрда, Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы элдик курултай өттү. Курултайды жергиликтүү эл уюштурган. Ага Кыргызстандын ар кайсы аймагынан кайдыгер эмес жарандар катышты.

Ошондой эде курултайга Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Адахан Мадумаров, генералдар Исмаил Исаков, Кеңешбек Дүйшөбаев, саясатчылар Мамбетжунус Абылов, Жеңиш Молдокматов. Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, жарандык активисттер Атай Бейшенбек, Тилекмат Куренов, Айбек Мырза жана башкалар катышты.

«ПолитКлиника» медиасынын кабарчылары курултайдан түз эфир көрсөттү.

Өзгөндөгү курултай: Кемпир-Абад Кыргызстандын менчигинде калсын!

Жогорку Кеңештин комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимдин долбоорун колдоду.
Комитет жыйынында келишимдин долбооруна 6 депутат «макул», 4 эл өкүлү «каршы» деп добуш берди.

Депутат Адахан Мадумаров Кемпир-Абад боюнча келишимге кол коюуга каршы пикирин айтты. Бул тууралуу ал 10-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Ал Өзбекстан буга чейин да бир катар убадаларын аткарбай койгонун айтты. Депутат Мадумаров УКМКнын жетекчисин эл өкүлдөрүн коркутпоого чакырды.

«Бул жерде сиз Өзбекстан менен болгон келишимди бузуп сүйлөгөндөрдү жазалагыла деп жатасыз. Мени жазалагыла. Мамлекеттик телеканалдардын, Регион ТВны чакырып, мени атып салгыла» деди Мадумаров.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Мадумаровго ордун бошотуп бере турганын белгиледи. «Көк-Серек, Ак-Таш, Унгар-Тоо тилкелери сыяктуу талаштуу тилкелердин баары бизге өттү. Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин бердик, аны моюнга алабыз. Ошону да алып алсак жакшы болмок. Эми эки тараптуу келишим болгондон кийин алардын да бир шартына макул болушубуз керек да. Эгер мындан дагы артык келишим түзөм десе, Мадумаровго ордумду бошотуп берем. Комиссияны жетектеп барып сүйлөшсүн, бир жылдык убакыт берели» дейт Ташиев.

Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайсы жерлер өткөнүн айтты.

Гавасай — 12 миң 949 гектар, Көк-Серек — 105 гектар, Баястан — 212 гектар, Унгар-Тоо — 35 гектар, Ак-Таш — 100 гектар, Кара-Белес — 25 гектар өттү.

Шарихан каналынын башы 19,5 гектары Өзбекстанга, калган 19,5 гектары Кыргызстандын Өзгөн районуна тиешелүү. Кошумчалай кетсек, 1000 гектар жер Сузак менен Өзгөн районунун ортосунда 500 гектарга бөлүнгөн – алар Кыргызстанга тиешелүү.

Орто-Токой суу сактагычын Кыргызстан толугу менен көзөмөлдөйт. «Өзбекстанга Кемпир-Абад суу сактагычынын 4 миң 485 гектар жери калган. Бирок сууну 8 адамдан турган биргелешкен мекеме көзөмөлдөйт. Анын төртөө Кыргызстандан, төртөө Өзбекстандан. Кыргызстандыктар сууну ээн-эркин пайдалана алышат.

Баары биздин колго өтүп, жеңишке жетти дегенден алыспыз. 1 метр жерди дагы берген жокпуз» — деди Ташиев.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты