Тармактык комитет президентти шайлоону дайындоо токтом долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү

Бүгүн, 22-сентябрда, конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону дайындоо жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоорун карады. 

Жыйында аталган маселе боюнча комитеттин төрайымы Гүлнара Акимбаева маалымат берди. 

Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айындагы төртүнчү шаршембиде өткөрүлөрүн кошумчалады. 

Жыйынтыгында комитет токтом долбоорун жактырып, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

Мыйзам боюнча президенттик шайлоо октябрь айынын үчүнчү жекшембисинде болсо, жаңы мыйзам долбоорунда январь айынын төртүнчү жекшембисинде деп берилген.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты