«Дүрбөлөңгө салгысы келген эл душмандарын катуу жазалашыбыз керек!» Президент ири иш-чараларга коопсуздук даярдыгын текшерди  

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитин жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылууга тартылган күч түзүмдөрүнүн даярдыгын текшерди.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Андай айтылгандай, гарнизондук бөлүштүрүүгө Ички иштер министрлигинин, Коргоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, прокуратура органдарынын, Мамлекеттик күзөт кызматынын, салык жана бажы кызматтарынын, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Жогорку соттун алдындагы Сот департаментинин 15 миңге жакын кызматкери катышты.

“Коопсуздук” комплекстүү иш-чарасынын алкагында тартылган бардык мекемелердин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин кызмат өтөөгө толук даярдыгы тууралуу баяндамаларын уккан соң Мамлекет башчысы өздүк курамды жана атайын техникаларды көрүп чыкты.

Президентке атайын техника, тез жардам унаалары, реанимобилдер, радиобайланыш каражаттары, дрондорго каршы атайын мылтыктар, эксперттик жабдуулар салынган чемодандар, көчмө рентген аппараттары, командалык-штабдык унаалар, металл издегичтер, манипуляторлор, суу чачуучу атайын унаалар, ошондой эле атчан жана кинологиялык бөлүктөр көрсөтүлдү.

Президент сөз сүйлөп, эл аралык маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда коомдук тартипти камсыз кылуу, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын жана чет өлкөлүк коноктордун коопсуздугун сактоо башкы милдет экенине токтолду.

Өнүгүүнүн эң биринчи шарты – темирдей бекем тартип! Өлкөбүздү ары-бери чайпалткысы келген тышкы күчтөргө азгырылып, алардан эмгек акы алып, элди дүрбөлөңгө салгысы келген арабыздан чыккан саналуу эл душмандарын катуу жазалашыбыз керек! Андайларга ырайым болбойт!

Өлкөбүздүн күчү – биримдигибизде жана ынтымагыбызда! Биримдик бар жерде ийгиликтер болот, ынтымак уялаган жерге ырыс-кут конот” деди президент Садыр Жапаров.

Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити 1-сентябрда жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августта ачылат.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты