Кемпир-Абад иши: Камактагылар депутаттык комиссия түзүү боюнча кайрылуу жолдошту

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары Кемпир-Абад маселеси боюнча камалган саясатчы жана активисттер кармалып турган Бишкектеги №1 тергөө абагына (СИЗО-1) 4-ноябрда барып көрүп келишти. Алар мыйзамсыз кармалганын жана мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн орган тарабынан эч бир тыянак болбогонун белгилеп, депутаттык комиссия түзүүнү боюнча кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу депутат Сейитбек Атамбаев Фейсбук баракчасына жазды.

-2022-жылдын 4-ноябрында биз , КР Жогорку Кенешинин депутаттары Айдарбеков Ч., Алимжанова Н., Атамбаев С., Жамгырчиев Э., Кожокулова Г. , Сурабалдиева Э. Кыйноолорду алдын алуу борборунун директору Рысбеков Б. менен бирге Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалган саясатчылардан, активисттерден, журналисттерден, блогерлерден СИЗО 1 кармоо жайына барып кабар алдык.

Белгилей кетсек, кармалган саясатчылардан, журналисттерден, активисттерден кармоо шартына арыздануулар болгон жок. Бирок, ошол эле учурда, алардын кармалышы мыйзамсыз экенин, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөгөн орган тарабынан эч бир тыянак болбогонун, сот өндүрүшүнүн элементардык принциптерин – объективдүүлүктү, калыстыкты, ар тараптуулукту эске албаган сот системасынын начар иши жөнүндө, баса белгилешти, деди депутат Атамбаев.

Кармалгандар Жогорку Кеңеш депутаттарына кайрылып, Кемпир-Абад боюнча депутаттык комиссия түзүү боюнча кайрылуу жолдошту, -деди депутат.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү, 20дан ашуун саясатчылар жана активиссттер Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. 

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда саясатчылардын, активисттердин жапырт камалышы жана Кемпир-Абад маселеси боюнча жөө жүрүш уюштурулду.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты