Канышай Мамыркулованын иши сотто жабык каралууда
- 4 недели мурун
Бүгүн, 22-мартта, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасы каралууда.
Анын соту жабык өтүп жатат. Тарапташтарын жана туугандарын отурумга киргизбей, алар сот имаратынын алдында «Сот ачык болсун!», «Канышайга боштондук!» деп кыйкырып турушту.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, Канышай Мамыркулова кармалганын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.
“Социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүү учурунда Фейсбук” социалдык тармагынан Кыргызстан-Тажикстан чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен Кыргыз Республикасынын аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн жана кыргыз жарандарынын ортосундагы улуттар аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган Канышай Мамыркулова аттуу колдонуучу аныкталган” деп билдирди Бишкек шаардык ИИББ басма сөз кызматы.
Канышай Мамыркуловага кылмыш-жаза кодексинин 278 жана 330-беренелери боюнча айып тагылганы белгилүү болду.
Кыргызстандын журналисттери, укук коргоочулары эркин журналист Мамыркулованын камалышы боюнча президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылуу жолдоду.
«Элибизде «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» демекчи, өз оюн ачык айтканы үчүн айыптап, «бөрк ал десе, баш алган» жорукка сиздерди жол бербейт деп ишенгибиз келет. Андыктан сиздерден калыс, акыйкат мамиле күтөбүз» деп айтылат кайрылууда.
19-мартта Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда бир карап, колдоду.
20-мартта социалдык тармактарда журналист, активист Канышай Мамыркулованын кармалганы айтылган. Ал 48 саатка камакка алынган.
Сүрөт: kaktus.media