Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялады

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 19-мартта, Жогорку Кеңеш кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үч окууда бир карап, колдоду.

Добуш берүүгө жалпы 85 депутат катышты. Депутат Султанбай Айжигитов «каршы» деп добуш берди. Калганы «макул» деп добуш берди.

Мунун алдында ушул эле күнү Жогорку Кеңештеги комитеттердин биргелешкен жыйыны өтүп, анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев баяндама жасап, суроо-жооп болгон. Мындан улам төрага Нурланбек Тургунбек уулу жалпы жыйында баяндамасыз жана талкуусуз эле дароо добуш берүүгө өтүүнү сунуштап, колдоо тапты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты