Канышай Мамыркулованын иши боюнча сот отуруму 26-июнга жылдырылды

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 17-июнда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда белгилүү эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын иши боюнча белгиленген сот процесси болбой калды. Соттук отурумга эксперттин келбей калгандыгынан улам, сот процесси 26-июнга саат 11:00гө жылдырылды.  

4-июнда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда эркин журналист жана активист  Канышай Мамыркулованын иши боюнча соттук отурум өттү. Отурумда эксперт Мамыркулованын соцтармактардагы жазгандары боюнча көрсөтмө берди.

9-апрелде Мамыркулованын кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча Свердлов райондук сотунун отуруму болду. Свердлов райондук соту милиция тарабынан журналисттин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан 20-мартта Канышай Мамыркулова массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган.

2025-жылы 22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды. 21-майда Октябрь райондук соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карады жана аны 4-июнга чейин камакта кармоо боюнча чечим кабыл алган.

Сүрөт: укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын ФБ баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты