Канышай Мамыркулованын иши боюнча кийинки соттук отурум 17-июнга белгиленди
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 4-июнда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын иши боюнча соттук отурум өттү. Отурумда эксперт Мамыркулованын соцтармактардагы жазгандары боюнча көрсөтмө берди.
Кийинки отурум 17-июнга белгиленди.
9-апрелде Мамыркулованын кармалышынын мыйзамдуулугу боюнча Свердлов райондук сотунун отуруму болду. Канышай Мамыркулова сотко алынып келинген эмес, соттук териштирүү анын өзүнүн катышуусуз өттү. Свердлов райондук соту милиция тарабынан журналисттин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан 20-мартта Канышай Мамыркулова массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган.
2025-жылы 22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды. 21-майда Октябрь райондук соту эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын бөгөт чарасын карады жана аны 4-июнга чейин камакта кармоо боюнча чечим кабыл алган.
Сүрөт: укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулованын ФБ баракчасынан