Камактагы Жээнбеков менен Шаменов депутаттыкка талапкер катары теледебатка катышат   

  • 11 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) өткөрүлгөн чүчүкулактын натыйжасында депутатыкка талапкер катары Илгиз Шаменов 22-майда, ал эми Равшан Жээнбеков 23-майда теледебатка катышат.

Бишкек шаарынын Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча мѳѳнѳтүнѳн мурда шайлоодо акысыз эфир убактысын жана басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак ѳткѳрүлгөнүн БШК маалымдады.

Теледебат УТРКнын түз эфиринде өтөт. Ага Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер катышат.

26-апрелде Равшан Жээнбеков жана Илгиз Шаменов конвойдун коштоосунда БШКга талапкер катары арыз берүү үчүн жеткирилген.

«СИЗОдогу эки талапкерди ошондой кылып конвой менен теледебатка алып барышса — 31 жылда болбогон окуя орун алчудай. Бүгүн теледебатка алып чыгуу жөнүндө өтүнүч менен Жаза аткаруу кызматына кайрылдык. Эми расмий жоопту күтөбүз» деди адвокат Замир Жоошев. .

Замир Жоошев ошндой эле Илгиз Шаменов ооруканадан СИЗОго которулду. Ден-соолугу жакшы» деп билдирди адвокат Замир Жоошев Фейсбук баракчасында.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

Талапкерлердин катышуусундагы дебаттардын графигин шилтеме аркылуу табасыз. 

17-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча камалган Равшан Жээнбековдун камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Бул ишке байланыштуу тергөө абагында отурган Ильгиз Шаменов 10-апрелде ооруканага жаткырылганы кабарланган.

Былтыр 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.  Алар – Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева, мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, Орозайым Нарматова, Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, активисттер Илгиз Шаменов, Улукбек Маматаев, Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Таалайбек Мадеминов, Атай Бейшенбек, Перизат Суранова, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов жана башкалар.
Алардын бөгөт чарасы улам-улам узартылып, абакта кармалууда. Айрымдары үй камагына чыгарылды.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты