Камактагы депутат Бакыт Жетигеновду колдоо акциясы өттү

  • 2 года мурун

Чүй облусунун Сайлык айылынын тургундары, камактагы депутат Бакыт Жетигеновдун тарапташтары 12-декабрда нааразылык акциясына чыгышты.

Ондогон айыл тургуну Жетигеновдун маселесин парламентте кароону, аны абактан бошотууну талап кылууда. Алар талаптары аткарылбаса, акцияны Бишкекте улантарын билдиришти.

9-декабрда Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссия депутат Бакыт Жетигеновду жоопко тартууга уруксат берген эмес. Комиссиянын корутундусу парламенттин 15-декабрдагы отурумунда чыгарылат.

Андан бир күн мурда Жогорку Кеңеш убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга макул болгон эмес. Алар абактан бошотулган. Жыйында Жетигенов боюнча корутунду даяр эместиги айтылган.

1-декабрга чейин иштеген «Жазык-процессуалдык кодекстин» талаптарына ылайык, үч депутатты жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24-29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн. 1-декабрда убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

УКМК депутат Жетигеновду «Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү» деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

Депутат Бакыт Жетигеновдун казино ачууга каршы пикирин билдирген.

Сүрөт: Социалдык тармактан.
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты