Үч депутаттын кол тийбестиги боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга парламенттин макулдугу боюнча Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин сунушуна ылайык комиссия түздү.

Талкуунун жыйынтыгында парламент комиссия түздү. КСДПнын депутаттары экинчи өкүлдү көрсөтүү ниетин билдирише элек. Комиссиянын курамына:

  • Евгения Строкова (СДПК);
  • Аваабек Абдугапаров («Республика — Ата-Журт»);
  • Канат Исаев («Кыргызстан»);
  • Алмазбек Токторов («Кыргызстан»);
  • Тазабек Икрамов («Онугуу-Прогресс»);
  • Мамасадык Сабиров («Бир Бол»);
  • Эмиль Токтошев («Ата Мекен»).

Буга чейин парламент Кумтөр иши боюнча айыпка шектүү Жээнбеков менен Зулпукаровду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүгө 26-ноябрда кворум топтой албай калган.  

Бишкектин Биринчи май райондук соту бийликти күч менен басып алууга шектелип жаткан депутат Бакыт Жетигеновду камакка алуу чечимин чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты