​Бакытбек ЖЕТИГЕНОВ: “Казино ачылса эле жыргап кетебиз деген туура эмес” (ВИДЕО)

Жогорку Кеңеш депутаттары Ысык Көлдүн Тамчы аэропорту тарабында казино ачуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. “ПолитКлиника” медиасынын “Сереп” берүүсүндө Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек ЖЕТИГЕНОВ казино ачуунун оош-кыйыш маселесине көңүл бурду.

— Казино ачууда инвестиция деле келбейт, ал жерде мамлекетке салык түрүндө эле түшөт. Ал жакта жүгүртүүдө чоң акча айланат, бирок мамлекетке көп деле акча түшпөйт.

Чоң акча бар жерде ууру-кескинин баары болот. Казино ачса эле жыргап кетебиз деген туура эмес.

Инвестор мамлекетте стабилдүүлүк болгондо келет. Туризмди өнүктүрүш үчүн ошол эле отель, инфраструктураны жакшыртыш керек. Башка чет мамлекеттерде туристтерди абдан жакшы карашат. Казино туризмди өнүктүрбөйт.

Эптеп эле ачып алалы деп жатышат. Көлдө ачылса эле, Кыргызстандын башка жактарына да жетет.

КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО:

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты