Чүй облустук төрөт үйүндө оңдоп-түзөө иштери аяктоо алдында турат

Чүй облустук төрөт үйүндө капиталдык оңдоо иштери аяктоо алдында турат.

Бүгүнкү күндө палаталарга линолеум төшөө иштери гана калды. Аны менен бирге төрөт үйүнүн айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Төрөткананын короосуна асфальт төшөө иштери аяктады.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Инженердик иштерден газ магистралын от казанына туташтыруу гана калды. Бул иштер аяктагандан кийин от казан толук кандуу иштөөгө даяр болот.

Бардык иштер толук аяктагандан кийин төрөт үйү жаңыланган шарттарда бейтаптарды кабыл алууга даяр болот. Бул энелер жана жаңы төрөлгөн ымыркайлар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө өбөлгө болот.

Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Алмазбек Аскаровдун маалыматына ылайык, көчүп кирүү 2026-жылдын 1-декабрына чейин пландалууда.

Сүрөт: Саламаттык сактоо

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты