Парламент Жээнбеков менен Зулпукаровду абактан бошотуу чечимин кабыл алды. Жетигеновдун маселеси кийин каралат

  • 2 года мурун

Бүгүн, 8-декабрда, парламент жыйынында атайын комиссия Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду  абактан  бошотууну сунуштады. Депутаттар комиссия чечимин колдоого алды.   

Комиссиянын төрагасы, депутат Канатбек Исаев башкы прокуратуранын жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы каралып чыкканын, анда жетиштүү, тикелей далилдер жок экендигин жүйө келтирди. Андыктан депутаттык комиссия аты аталган депутаттарды мыйзам талаптарына ылайык камактан токтоосуз бошотууну сунуштаганын маалымдады.

Ал эми депутат Бакыт Жетигеновдун жактоочулары толук маалымат бербегендигине байланыштуу, аталган эл өкүлүнө байланышкан Башкы прокурор Зулушевдин сунушу каралбай калганын кошумчалады. “Ага ылайык комиссиянын иши дагы улантылат,- деди Канатбек Исаев.

Канатбек Исаев төрагалык кылган депутаттык комиссиянын курамында Евгения Строкова (КСДП), Авазбек Абдугапаров (“Республика-Ата-Журт”), Канатбек Исаев (“Кыргызстан”), Алмазбек Токторов (“Кыргызстан”), Тазабек Икрамов (“Өнүгүү-Прогресс”) Мамасадык Бакиров (“Бир Бол”) жана Эмиль Токтошев (“Ата-Мекен”) бар.

Жээнбеков менен Зулпукаров «Кумтөр иши» боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган. Ал эми Жетигеновду УКМК «Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү» деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

1-декабрга чейин иштеген «Жазык-процесстик кодекстин» талаптарына ылайык, үч депутатты жоопко тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокуратура 24 жана 29-ноябрда Жогорку Кеңешке тиешелүү сунуштамаларын жөнөткөн.

Сүрөттө: Төрөбай Зулпукаров жана Асылбек Жээнбеков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты