Бийликти күч менен басып алууга шектелип жаткан депутат Бакыт Жетигенов камакка алынды

  • 2 года мурун

Бишкектин Биринчи май райондук соту бийликти күч менен басып алууга шектелип жаткан депутат Бакыт Жетигеновду камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу АКИpress өздүк булактарына таянып жазды.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Жетигенов №1 тергөө абагына киргизилди.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) парламенттик шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алууга камданып жаткан адамдардын тобун кармаганын билдирген. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, шектүүлөрдүн арасында Жогорку Кеңештин депутаттары, депутаттыкка талапкерлер жана мурдагы аткаминерлер бар.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты