Депутат Бакыт Жетигеновду жоопкерчиликке тартууга депутаттык комиссия уруксат берген жок

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясы депутат Бакыт Жетигеновду жоопккерчиликке тартууга уруксат берген жок.

Бул тууралуу комиссия мүчөсү Евгения Строкова билдирди.

Комиссиянын корутундусу парламенттин 15-декабрдагы отурумуна чыгарылат.

9-декабрда Евгения Строкова ар кандай түшүнбөстүктү жоюу үчүн комиссиянын курамына депутаттар Аманкул Токтомамбетов, Алтынбек Сулайманов, Айсулуу Мамашова жана Каныбек Иманалиевди кошууну сунуштаган.

Строкованын айтуусунда, комиссиянын курамына жогорудагы депутаттар кирип, комиссия төрагасы болуп Айсулуу Мамашова шайланды. Ал эми комиссиянын мурдагы төрагасы Канат Исаев мүчөлүктөн өз каалоосу менен кеткен.

8-декабрдагы жыйында Депутат Аманкул Токтомамбетов Бакыт Жетигеновдун маселеси каралышы керектигин билдирди.

Ал эми депутат Каныбек Иманалиев кийинки кездерде Кыргызстанда 17 адамга бийликти басып алуу беренеси менен күнөөлөнгөнүн, бирок алардын баары акталгандыгын, алардын ичинде Президент жана спикер болуп отургандар бар экенин айтты. Мына ошол туура эмес жоопкерчиликке тарткан прокурор, соттор да жаза алышы керектигин, андан кийин Бакыт Жетигеновдун маселеси каралышы керектигин билдирген.  

Депутаттык омиссия төрагасы Канат Исаев депутат Бакыт Жетигеновду кол тийбестиктен ажыратууга макулдук берүүгө каршы экенин ачык айтты. Бирок укук коргоо органдарынан Бакыт Жетигеновдун маселеси боюнча документтер келбегендигин билдирди.  

8-декабрда Жогорку Кеңеш убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусунун негизинде депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга макул болгон эмес. Ал жыйында Жетигенов боюнча корутунду даяр эместиги айтылган.

9-декабрда Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров абактан бошотулган.

Сүрөттө: Бакыт Жетигенов. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты