Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбековдун соту жылдырылды

Бүгүн, 17-сентябрда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда массалык баш аламандык уюштурууга шектелген “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевдин сот отуруму 22-сентябрга жылдырылды.

Айыпталуучуларды сотко бара жатканда Кадырбек Атамбаев отурумга катышуудан баш тартты. Кадыр Атамбаев жерге кат таштап, аны кайтаруучулар алып койгондо, ал катты кайтарууну суранды.

“Слциал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков да сотко катышуудан баш тартты. Жактоочунун айтымында, Султанбеков колуна кишен салбай эле алып чыгууну суранганда, ал өтүнүч аткарылган эмес.

Сот отуруму 22-сентябрга жылдырылганын жактоочу Сергей Слесарев ЖМКга билдирди.   

Буга чейин «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков сотту ачык өткөрүү сунушу менен президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Ички иштер министрлигине 1998-жылы туулган Темирлан Султанбеков массалык баш аламандык уюштурууга жана бийликти алмаштырууга чакырык жасап жаткандыгы тууралуу ыкчам маалымат түшкөндүгү жана Султанбеков кармалгандыгы кабарланган. ИИМ маалымат менен бирге үч киши сүйлөшүп отурган видео тасманы тараткан. Видеодон “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековду дагы көрүүгө болот.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) массалык башаламандыкты уюштурууга даярдык көрүүгө шектелген адамдардын тобу кармалгандыгын 2025-жылы 22-ноябрь түнү билдирди.

Кармалгандардын арасында Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев, Шайлообек Атазов, Кубанычбек Кадыров, Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Дамир Мусакеев, Урмат Барктабасов, Эрмек Эрматов ж.б. бардыгы он адам. Аларга кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүгү (зомбулук, талкалоо, өрттөө ж.б. коштолгон массалык баш аламандыкты уюштурууга даярдык көрүү) боюнча айыбы угузулуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кийинчерээк Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов үй камагына чыгарылган. Дамир Мусакеев да эч жакка кетпөө кепилдиги менен абактан бошотулган.

Сүрөт: Айыпталуучулар Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев. 14-июль 2026-жыл.  Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты