Израилдин коргоо министри террорчулар тандаган Ирандын жаңы лидери ким болсо да, бутага алынарын айтты
- 2 месяца мурун
Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Ирандын жаңы лидери ким болсо да, бутага алынарын Х тармагында билдирди.
“Ирандын террористтик уюму тарабынан дайындалган кайсы гана лидер болбосун, Израилди жок кылуу планын ишке ашырууну улантууга, Америка Кошмо Штаттарына коркунуч келтирип, дүйнө эркиндигине жана аймактагы өлкөлөргө коркунуч келтирүү планын ишке ашырууга бел байлап, иран элин эзет, ошондуктан ал жок кылуу үчүн бута болот” деп билдирди Израилдин коргоо министри.
Анын айтымында, Израил АКШ менен бирдикте иран элине режимди кулатууга шарт түзүгө бардык аракетти көрүүсү керек.
Али Хаменеинин уулу Моджтаба Хаменеи Ирандын руханий лидери болуп, 88 дин ишмеринен турган кеңеш тарабынан шайланганын DW басылмасы жеке булактарынын айтымында билдирди. Ирандын ЖМКсы муну тастыктай элек. Моджтаба Хаменеини руханий лидер кылып шайлоо Ислам революциясынын сакчылар корпусунун кысымы менен болгону айтылды.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеи көз жумганын Truth Social баракчасына жазды. Ирандын руханий башчысы Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн Ислам революциясынын сакчылар корпусу тастыктаган.
86 жаштагы руханий башчы Али Хаменеинин сөөгү 28-февралда, ишемби күнү, эртең менен Тегерандагы анын резиденциясынан, урандылар алдынан табылганы айтылды. Хаменеи Иранды 1989-жылдан бери башкарып келген.
Fars News Agency маалымат агенттиги соккуда Али Хаменеинин кызы, күйөө баласы, небереси жана келини каза болгонун билдирген. Ирандын руханий лидери Али Хаменеинин аялы Мансуре Ходжасте каза тапты. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди. Али Хаменеи каза тапкан соккуда анын аялы Мансуре Ходжасте жарадар болгон.
Иранда рухий жогорку лидер шайлангыча, өлкөнү үч адамдан турган кеңеш убактылуу башкарат. Ал кеңешке президент Масуд Пезешкиан, сот системасынын башчысы Голям Хосейн Мохсени-Эжеи жана Конституциянын сакчысы аятолла Алиреза Арафи кирди. Аталган үч адам — Пезешкиан, Мохсени-Эжеи жана Арафи 88 дин шиит дин ишмеринен турган эксперттер кеңеши жаңы лидерди шайлагыча башкарып турат. Ал эми бул үч адамдан турган кеңешти өлкөнүн руханий лидери аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөндөн кийин шайлашкан.
28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.
Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.
Сүрөттө: Израилдин коргоо министри Исраэл Кац




