Иранды убактылуу башкара тургандар аныкталды
- 3 месяца мурун
Иранды убактылуу башкара турган кеңеш түзүлдү, ага үч адам кирди.
Иранда рухий жогорку лидер шайлангыча, өлкөнү үч адамдан турган кеңеш убактылуу башкарат. Ал кеңешке президент Масуд Пезешкиан, сот системасынын башчысы Голям Хосейн Мохсени-Эжеи жана Конституциянын сакчысы аятолла Алиреза Арафи кирди.
Арафини Ирандын саясий маңызын аныктоочу кеңеш — өлкөнүн жогорку жетекчилигинин алдындагы кеңеш органы шайлаган.
Аталган үч адам — Пезешкиан, Мохсени-Эжеи жана Арафи 88 дин шиит дин ишмеринен турган эксперттер кеңеши жаңы лидерди шайлагыча башкарып турат.
Ал эми бул үч адамдан турган кеңешти өлкөнүн руханий лидери аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөндөн кийин шайлашкан.
Буга чейин Иранды Иранды Убактылуу кеңеш башкара турганы айтылган, бирок ал кеңешке кимдер кирери ачыкталган эмес.
86 жаштагы руханий башчы Али Хаменеинин сөөгү 28-февралда, ишемби күнү, эртең менен Тегерандагы анын резиденциясынан, урандылар алдынан табылганы айтылды. Хаменеи Иранды 1989-жылдан бери башкарып келген.
Израилдин Коргоо министри Исраэл Кац Хаменеи израилдик операциянын биринчи күнү башка жогорку кызматтагы адамдар менен кошо өлтүрүлгөнүн билдирди. Али Хаменеи туулган Мешхеддеги имам Реза мечитинде аза желеги илинди. Ирандын аянттарында жана мечиттеринде миңдеген адамдар чогулуп, аза күтүүдө.
28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.
Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.
Дубайда жана Катардын борбору Доха шаарында, Израилдин ири шаары Тель-Авивде жарылуулар орун алды.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеи көз жумганын Truth Social баракчасына жазды. Ирандын руханий башчысы Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн Ислам революциясынын сакчылар корпусу тастыктады.
Сүрөт: Ирандагы аза күтүү. ISNA




