Ирина Карамушкина Свердлов шайлоо округу боюнча талапкер болуп катталды

  • 2 месяца мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ирина Карамушкинаны Бишкек шаарынын №29 Свердлов шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттады.

Бул тууралуу БШК сайтында маалымдалды.

Ошондой эле Свердлов шайлоо округу боюнча Алмаз уулу Аскар, убактылуу жумушсуз, Бишкек шаар Кеңешинин депутаты Усубалиев Таалайбек, Чүй ПЭС адиси Бектемирова Мээрим, «КЕН Минералс» компаниясынын директору Сапарбаев Чынгыз, “Мурас спорт” компаниясынын башкаруучусу Жумабек Салымбеков, “Азия Групп» компаниясынын директору Турпанов Милан катталды.

Президент Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 30- апрелиндеги жарлыгына ылайык, №29 Свердлов шайлоо округу боюнча да Жогорку Кеңеш депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024 –жылдын 30- июнуна дайындалды.

Бишкек шаарынын административдик соту Свердлов бир мандаттуу шайлоо округунан депутат Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды.

Шайлообек Атазов 2022-жылы февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.  

Жогорку cоттун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Шайлообек Атазовдун даттанууларын карап, ​«Бишкек шаарынын административдик сотунун 2024-жылдын 1-мартындагы чечими жана Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын 5-апрелиндеги аныктамасы жокко чыгарылсын жана иш боюнча жаңы чечим кабыл алынсын деген чечим чыгарды.

Бишкек шаарынын административдик соту үч ай мурда Абдурахманхаджи Муртазалиевге депутаттык мандат берүү чечимин чыгарган.

Сүрөттө: Ирина Карамушкина. БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты