Свердлов округунда Атазовдун ордуна ЖК депутатын шайлоо 30-июнга дайындалды
- 2 месяца мурун
№ 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнуна, жекшембиге дайындалды.
Бул тууралуу президент 16-майда жарлык чыгарды.
Добуш берүү үчүн 60 шайлоо участогу ачык болот.
Бишкек шаарынын административдик соту депутат Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарды.
Шайлообек Атазов 2022-жылы февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.
Мындан эки ай мурда Бишкек шаарынын административдик соту Абдурахманхаджи Муртазалиевге депутаттык мандат берүү чечимин чыгарды. Свердлов шайлоо округунан Абдурахманхаджи Муртазалиевге шайлоочулар 19,52%ы добуш берген. Бирок 9-мартта БШК анын талапкерлигин жокко чыгарган. ИИМдин өкүлдөрү берген маалыматка ылайык, добуштарды сатып алуу фактысы тастыкталып, кылмыш иши козголгон.