Муртазалиевдин иши: Акыркы чечим чыгарылды, мандат берилбейт

  • 2 месяца мурун

Жогорку cоттун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын жана Шайлообек Атазовдун даттанууларын карап, ​«Бишкек шаарынын административдик сотунун 2024-жылдын 1-мартындагы чечими жана Бишкек шаардык сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясынын 2024-жылдын 5-апрелиндеги аныктамасы жокко чыгарылсын жана иш боюнча жаңы чечим кабыл алынсын деген чечим чыгарды.

​»Муртазалиевдин арызы Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун натыйжалары жөнүндө № 29 Свердлов шайлоо округу боюнча БШКнын 2022-жылдын 25-мартындагы №35 токтомунун 3-пунктун мыйзамсыз, анык эмес деп таануу бѳлүгүндѳ канааттандырылсын. Шайлообек Атазовду №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайланган депутат деп таануу жѳнүндѳ №29 Свердлов шайлоо округу боюнча ЖК депутатын кайра шайлоонун натыйжалары жөнүндө БШКнын 2022-жылдын 25-мартындагы №35 токтомунун 3-пункту мыйзамсыз деп таанылсын жана жокко чыгарылсын. А.Ш. Муртазалиевдин арызынын калган бөлүгү канааттандыруусуз калтырылсын» деп айтылат Жогорку Соттун чечиминде.​

Бишкек шаарынын административдик соту үч ай мурда Абдурахманхаджи Муртазалиевге депутаттык мандат берүү чечимин чыгарган.

Буга чейин Бишкек административдик соту Шайлообек Атазовдун мандатын жокко чыгарган. Шайлообек Атазов 2022-жылы февраль айында Бишкектин №29 Свердлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.  

Свердлов шайлоо округунан Абдурахманхаджи Муртазалиевге 2022-жылы 27-февралда шайлоочулар 19,52%ы добуш берген. Бирок 2022-жылы 9-мартта БШК анын талапкерлигин жокко чыгарган. ИИМдин өкүлдөрү берген маалыматка ылайык, добуштарды сатып алуу фактысы тастыкталып, кылмыш иши козголгон.

 № 29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңеш депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2024-жылдын 30-июнуна, жекшембиге дайындалды. Бул тууралуу президент 16-майда жарлык чыгарды.

Сүрөттө: Абдурахманхаджи Муртазалиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты