Ирандын бийлиги АКШ менен сүйлөшүүлөргө барбай турганын билдирди

  • 1 неделя мурун

Ирандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Али Лариджани Тегеран Вашингтон менен сүйлөшүүлөргө барбай турганын билдирди.

“Биз АКШ менен сүйлөшүүлөргө барбайбыз” деп жазды X түйүнүнө Лариджани.

Буга чейин The Wall Street Journal басылмасы Али Лариджани АКШ менен сүйлөшүүлөрдү демилгелегенин жана бул сунушту ортомчулар аркылуу АКШга бергени тууралуу жазган.  

Али Лариджани—Иран бийлигинин жогорку кызматтагы аткаминерлеринин бири.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын жетекчилиги сүйлөшүүлөргө даяр экенин  The Atlantic басылмасына билдирген.

28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.

Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.

Дубайда жана Катардын борбору Доха шаарында, Израилдин ири шаары Тель-Авивде жарылуулар орун алды.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеи көз жумганын Truth Social баракчасына жазды. Ирандын руханий башчысы Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн Ислам революциясынын сакчылар корпусу тастыктады.

Сүрөттө: Али Лариджани. AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты