АКШда конгресске шайлоолордо демократтар жеңишке жетишти

АКШдагы орто мөөнөтүү шайлоодо демократтар жеңишке жетишип, конгрессти көзөмөлгө алуу укугуна ээ болушту.  Республикачылар өздөрү 100 жыл сенаторлук креслону ээлеп келген Канзаста да утулуп калышты.

АКШда конгресске орто мөөнөттүү шайлоо өттү. Америкалыктар өкүлчүлүк палатасынын жаңы курамын шайлады. (конгресстин ылдыйкы палатасына 435 орун), сенаттын үчтөн бирин (жогорку палатага 35 орун). Ошондой эле 36 штаттын губернаторлорун жана жергиликтүү мыйзам  чыгаруу жыйындарынын депутаттарын шайлады.  

Орто мөөнөттүү шайлоо президенттик мөөнөттүн ортосунда шайланат, ал шайлоочулар жана ЖМК тарабынан мамлекет башчынын ишенимине болгон референдум сыяктуу кабыл алынат.  Адатта башкаруучу партияны колдогондордун саны кемий түшөт, бул жолу да ошондой болду. Президент Дональд Трамп жетектеген республикачылар партиясы өкүлчүлүк палатасында да, сенатта да көпчүлүк добушун жоготту.  

3-ноябрдагы шайлоодо демократиялык партия АКШ конгрессинин эки палатасына тең көзөмөлдү колуна алды. NBC News божомолу боюнча, өкүлчүлүк палатасында демократтар 255 орун алды, республикачылар 180 орун, сенатта демократтар 52, республикачылар 48 орун алды.  Шайлоонун соңку жыйынтыгы бир нече жумадан кийин чыгарылмакчы.   

Демократтар республикачылар адатта жеңишке жетишип келген штаттарда жеңишке жетишти.

Сүрөт: Nathan Howard / Reuters / Scanpix / LETA

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты