Дональд Трамп Иран АКШ менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди
- 2 месяца мурун
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын жетекчилиги сүйлөшүүлөргө даяр экенин The Atlantic басылмасына билдирди.
“Алар сүйлөшүүлөргө барууга ниеттенип жатышат. Мен макул болдум, эми сүйлөшүүлөргө барам. Алар мурун эле бул чечимге келсе болмок. Алар пайдалуу чечимге мурда эле жана эртерээк эле келсе болмок. Алар көпкө ойлонушту” деп билдирди Дональд Трамп.
Президент сүйлөшүүлөр качан башталары тууралуу суроого жооп берген эмес.
“Ал адамдардын көпчүлүгү кетти. Биз сүйлөшөлү деген адамдар кетти, бул чоң, чоң сокку болду. Бул чечимге эртерээк келишсе болмок” деди Трамп.
CNBC басылмасына берген маегинде Трамп АКШнын Ирандагы операциясы белгиленген мөөнөттөн озуу менен жана позитивдүү багытта ишке ашып жатканын айтты.
Эгер АКШ менен Израил Иранга каршы согуш баштабаса, аларда “ядролук курал бар болчу, эки жума ичинде…”, “анда эч нерсени ишке ашырууга мүмкүн болбой калмак” деп билдирди Fox News басылмасына
АКШ менен Израил 28-февралда согуш ачаар алдында, Вашингтон менен Тегеран ядролук курал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, АКШ Ирандан ядролук куралдан баш тартууну талап кылган.
28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израил аба мейкиндигин жаап, өзгөчө кырдаал режимин жарыялады. АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга каршы ири аскердик операция башталганын билдирди. Ал Truth социалдык тармагына жарыялаган видеосунда Кошмо Штаттар ракеталык соккуларга түздөн-түз катышып жатканын ырастады.
Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды.
АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.
Дубайда жана Катардын борбору Доха шаарында, Израилдин ири шаары Тель-Авивде жарылуулар орун алды.
АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын руханий лидери Али Хаменеи көз жумганын Truth Social баракчасына жазды. Ирандын руханий башчысы Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн Ислам революциясынын камкорчулар корпусу тастыктады.
Сүрөттө: АКШнын перзиденти Дональд Трамп. Интернет булактарынан




